Бүгүн Бишкекте Ак үйдүн алдында 50дөн ашык адамдын катышуусу менен «Мен фейк эмесмин» аттуу тынчтык митинги өттү.
Митингге жарандык коом өкүлдөрү менен активисттер сөз эркиндигин коргоо үчүн чогулушкан. Алар ЖК депутаты Гүлшат Асылбаева сунуш кылган «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбооруна каршылыгын билдиришти.
Белгилей кетсек, «Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам долбоору жакында эле кайрадан парламенттин кароосуна коюлуп, документ ЖКнын тиешелүү комитети тарабынан кабыл алынган.
Эске салсак, бул мыйзам долбоорун депутаттар Гүлшат Асылбаева, Айнура Осмонова демилгелеп, Жогорку Кеңеш тарабынан былтыр ушул маалда кабыл алынган. Ал буга чейин «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» долбоору деп аталчу.
Бирок документ коомчулуктун кескин сынына кабылып, чуу жараткан. Кийинчерээк ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков мыйзам долбооруна вето коюп, артка кайтарган. Анда пикир билдирүүнүн жана маалыматтын эркиндиги өлкөнүн Баш мыйзамында, ошондой эле адам укуктары жөнүндө бир катар эл аралык жана региондук келишимдерде кепилдик кылынган адам укуктарынын бири болуп эсептелинип жана демократиялык коомду өнүктүрүүдө негизги ролду ойноору айтылат.
Ошондой эле бул маселенин коомдогу маанисин эске алып, мыйзамдын редакциясын, тактап айтканда, ишке ашыруунун механизмдерин жана жөнгө салуунун техникалык аспектилерин коомчулуктун, эксперттик коомдун жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн тартуу менен кайрадан карап чыгуу сунушталган.
Демилгечилердин айтымында, анда фейк-аккаунттар өчүрүлүп, ЖМК же социалдык баракча аркылуу жалган маалымат тараткандарды соту жок эле мамлекеттик органдар жоопко тарта алат. Бирок муну менен кайсы орган алектенери так көрсөтүлгөн эмес.