Пятница, 22 ноября

Бүгүн коронавирус дагы 1233 адамдан табылды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус дагы 1 миң 233 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 789, Ош шаарында – 44, Чүй облусунда – 139, Ош облусунда – 32, Талас облусунда – 9, Нарын облусунда – 13, Ысык-Көл облусунда – 35, Жалал-Абад облусунда – 83, Баткен облусунда – 89 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 763 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 410, Ош шаарында – 83, Чүй облусунда – 94, Ош облусунда – 55, Талас облусунда – 8, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 16, Жалал-Абад облусунда – 63, Баткен облусунда – 25 бейтап оорудан айыкты»,-деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 4, Ысык-Көл облусунда 3 жана Баткен облусунда 1 бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 158 бейтап, амбулатордук түрдө 12 миң 12 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 133 миң 303 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 113 миң 975 киши айыгып чыкса, 2 миң 54 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз