Пятница, 17 мая

Чек ара чырында курман болгон жоокердин үй-бүлөсүнө үй берилет

0

Лейлек районунда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышууда курман болгон Чек ара кызматынын аскер кызматкери Хуснидин Хожиевдин үй-бүлөсүнө батир берилет. Бул тууралуу маркумду акыркы сапарга узатуу учурунда министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Алимбаев президент Садыр Жапаров куралдуу кагылышууда курман болгон чек ара кызматынын аскери Хуснидин Хожиевдин үй бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, маркумдун жакындарын колдоо максатында Баткен шаарында жаңы курулуп жаткан үйлөрдөн берүүнү тапшыргандыгын кошумчалады.

Белгилей кетсек, 8-июлда саат 17:00дөр чамасында Баткен облусунун Лейлек районунун аймагындагы Чашмагилдан ашуусунда Кыргызстандын чек ара нарядына тажик тарап күтүүсүз жерден кол салган. Мындан улам аскерлердин ортосунда атышуу болуп, Кыргызстандын Чек ара кызматынын 27 жаштагы аскери Хуснидин Хожиев курман болгон.

Хожиевдин сөөгү бүгүн, 10-июль күнү, өзү туулуп-өскөн Лейлек районундагы Бешкен айылында жерге берилди. Артында жубайы жана жалгыз уулу калды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз