Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши COVID-19 илдетине каршы эмдөө боюнча фатва чыгарды. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы маалымдайт.
Фатвада төмөндөгүдөй айтылат:
Дарыгер адистердин айтуусуна таянып, инфекция жугуу коркунучуна кабылгандар үчүн оорунун алдын алуу ыкмаларын колдонуу кажет. Ал эми медициналык эмдөөлөр азыркы мезгилде илдеттин алдын алуунун эң таасирдүү каражаттарынын бири болуп саналат.
Эмдөөнүн пайдасы менен зыяны медицина илимине таандык. Ал эми мындай учурда шарияттын өкүмү медициналык жактан чыккан натыйжага карап берилет. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эмдөөгө жооптуу болгон органдарынан жана тиешелүү тараптардан текшерүүлөрдөн өтүп, жоопкерчиликтүү, тажрыйбалуу дарыгерлер тарабынан COVID-19га каршы эмдөөнүн зыяны жок деген тастыктоосу болсо, эмдөөгө Исламда каршылык жок.
Ошондуктан Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши COVID-19 илдетинин алдын алуу максатында ыктыярдуу түрдө эмдөө алууга каршы эмес.
Пандемия илдети бүткүл дүйнөнү каптагандыктан жогорудагы фатваны “Эл аралык Фикх Ислам Академиясы” жана “Даруль-ифта мисрия” сыяктуу дүйнөдөгү таанымал уюмдар жана фатва идараларынын чечимдери тастыктайт».
Өлкөдө коронавирус жугузуп алгандардын расмий саны 14-июлда 143 миңден ашты. Бейтаптардын 2000ден көбү көз жумду. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги 144 миңден көбүрөөк адам эмделгенин маалымдады.