Пятница, 20 сентября

Трамп орус аскерлерин Венесуэладан чыгарууга чакырды

0

АКШ президенти Доналд Трамп Орусияны Венесуэладан аскерлерин чыгарууга чакырды. Эгер жоокерлер Венесуэладан кетпесе, аларды чыгаруу үчүн «бардык мүмкүнчүлүктөр» бар деп эскертти.

27-мартта Ак үйдө Венесуэла оппозициясынын лидери Хуан Гуайдонун жубайы Фабиана Росалес менен жолугушууда Трамп «Орусия кетүүгө тийиш» деп билдирди. Жүздөй орусиялык аскер түшкөн эки учак 23-мартта Венесуэланын борбору Каракаска конгон. АКШ орусиялык аскерлердин курамында спецназ жана кибер коопсуздук боюнча эксперттер да бар экенин маалымдаган. Доналд Трамп жана вице-президент Майк Пенс Росалес менен Гуайдого колдоо көрсөтүү үчүн жолугушкан.

Майк Пенс журналисттерге «АКШ Орусиянын аскердик учактарынын Венесуэлага барышын жагымсыз провокация катары кабыл алды. Биз Орусияны Николас Мадурону колдоону токтотуп, Хуан Гуайдону жана өлкө элинин эркиндигин​ колдоого чакырабыз» деп айтты. Венесуэлада азыр кош бийлик өкүм сүрүп жатат. Армиянын жетекчилиги президент Николас Мадурону колдойт. Өзүн президент деп жарыялаган парламент спикери, оппозиция лидери Хуан Гуайдонун бийлигин АКШ, Канада, Евробиримдик баш болгон ондогон мамлекеттер тааныган. Орусия, Кытай жана башка бир катар өлкөлөр Николас Мадурону мыйзамдуу президент деп эсептешет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз