Воскресенье, 19 мая

Бишкек шаарды кеңешке алты партия өттү

0

Бишкектин аймактык шайлоо комиссиясы 11-июлда өткөн шаардык кеңештин кайрадан өткөн шайлоосунун жыйынтыгын чыгарды.

Кайра шайлоого катышкан 18 саясий партиянын ичинен алтоо 7 пайыздык босого чектен өттү. Ага ылайык «Эмгек» 11 мандат, «Ата-Журт Кыргызстан» 9 мандат, «Ишеним» сегиз мандат, «Ынтымак» жети мандат, «Өнүгүү-Прогресс» менен «Социал-демократтар» партиялары бештен мандат алды.

Бишкекте 227 шайлоо тилкесинде 104 141 шайлоочу добуш берип, 710 бюллетень жараксыз деп табылды.

Кыргызстанда быйыл 11-апрелде жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоо өткөн. Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринде мыйзам бузуулардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган. Кайра шайлоо 11-июлга дайындалган.

Бул үч шаардык кеңешке өткөн партияларга 24-июлга чейин мандаттар берилет. Бишкек менен Ош шаардык кеңешинде 45тен, Токмок шаардык кеңешинде 31 орун бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз