Суббота, 21 сентября

Бишкектин кээ бир райондорунда 21-23-июлда газ берүү убактылуу токтотулат

0

Бишкектин айрым жерлеринде 21-23-июль күндөрү газ өчүрүлөт. Бул туурасында «Газпром Кыргызстан» компаниясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Ага ылайык, Ташкөмүр жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишинде жана Лев Толстой 126, көчөсүндөгү жер астындагы түтүктөр оңдолот. Буга байланыштуу борбордун төмөнкү көчөлөрүндө газ берилбейт:

Ахунбаев, Гшлиессер, Шакиров көчөлөрү жана Тынчтык проспекти менен чектешкен аймакта;

Түндүк ипподром, Лев Толстой, Термечиков, Садырбаев көчөлөрү менен чектешкен аймакта;

Лев Толстой көчөсүндөгү №51, 53/1, 55, 57, 59, 61, 61а үйлөрдө.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы ыңгайсыздык үчүн жарандардан кечирим сурады.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз