Суббота, 21 сентября

Сутка ичинде коронавирус 1291 адамдан аныкталды

0

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус дагы 1 миң 291 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 939, Ош шаарында – 17, Чүй облусунда – 129, Ош облусунда – 21, Талас облусунда – 18, Нарын облусунда – 26, Ысык-Көл облусунда – 52, Жалал-Абад облусунда – 15, Баткен облусунда – 74 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 1 миң 242 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында – 867, Ош шаарында – 28, Чүй облусунда – 141, Ош облусунда – 64, Талас облусунда – 22, Нарын облусунда – 16, Ысык-Көл облусунда – 17, Жалал-Абад облусунда – 55, Баткен облусунда – 32 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 2, Талас облусунда 1, Баткен облусунда бир бейтап каза болгон.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 4 миң 552 бейтап, амбулатордук түрдө 15 миң 938 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 151 миң 607 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 127 миң 692 киши айыгып чыкса, 2 миң 196 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз