Ысык-Көл районунун Тамчы айыл аймагына караштуу Чырпыкты айылында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсык катталды.
ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Балыкчы—Ананьев—Каракол унаа жолунун 32-чакырымында «Тойота-РАФ4» жана «Тойота Ярис» үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Анын кесепетинен жаш кыз каза болуп, 3 адам жабыркаган.
Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылып, жабыркаган жарандарды тез жардам кызматынын унаасына салып беришкен. Ал эми каза болгон кыздын жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.