Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен Республика партиясынын лидери, камактагы саясатчы Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасы өзгөртүлдү.
УКМКнын маалыматына караганда, сотто Бабановдун абактагы мөөнөтүн узартуу боюнча маселени кароо учурунда медициналык документтер келип түшкөн. Анда саясатчынын ден соолугунун начарлашына байланыштуу чет өлкөдөгү ооруканаларга барып дарылануу муктаждыгы бар экени көрсөтүлгөн.
«Буга байланыштуу 27-июлда Биринчи май райондук соту Бабановдун бөгөт чарасын өзгөрттү. Ага чет өлкөдөн дарыланууга мүмкүнчүлүк берүү максатында эркиндикке бошотулду», — деп айтылат билдирүүдө.
Бабанов 31-майда кармалган. Ал Кумтөр кенин иштетүүдө коррупциялык иштерди жасаган деп айыпталып жатат. 2-июнь күнү Биринчи май райондук соту экс-премьерди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.