Воскресенье, 19 мая

Эл чемпиондорду «Ала-Тоо» аянтынан күтөт

0

Эртең, 7-августта, Токио Олимпиадасынан байге алган балбандар Кыргызстанга кайтып келет. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Олимпиаданын катышуучулары үчүн саат 13:00дө «Ала-Тоо» аянтында  салтанаттуу кече уюштурулат. Андыктан спортчуларды тосуп алууну каалаган жарандарга борбордук аянтка келүү сунушталат.

«Салтанаттуу иш-чарага өлкөбүздүн намысын XXХII жайкы Олимпиадалык оюндарында коргогон спортчуларыбыз, машыктыруучуларыбыз катышып, сиздер менен жүз көрүшөт. Кече кыргыз эстрадасынын белгилүү жылдыздарынын коштоосунда өтөт. Ушул жылдын чыныгы каармандарын биргеликте тосуп, алардын кубанычына ортоктош болуп, жеңишти бирге майрамдайлы», — деп кайрылды Спорт агенттиги.

Белгилей кетсек, Токио Олимпиадасында грек-рим күрөшүнөн Акжол Махмудов күмүш, кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова күмүш, Мээрим Жуманазарова коло медаль алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз