Пятница, 17 мая

Фарид Ниязов да кылтакка илиндиби?

0

Президенттин мурунку аппарат башчысы Фарид Ниязовдун үстүнөн милицияга арыз жазылды. Бул  маалыматты КСДП басма сөз кызматынан тастыкташты. 

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтымында, Фариз Ниязов өзү бул тууралуу расмий билдирүү ала элек. «Бизде ал адамды арыз жазууга мажбур кылышты деген маалымат бар. Биздин божомолубузда, аны апрель окуялары учурунда жаракат алган киши жазышы мүмкүн. Ал киши ден соолугун чыңдоо үчүн мамлекеттин эсебинен Сочиге барууну каалаган, бирок, Ысык-Көлдөгү санаторийге жөнөтүлгөн», — деп билдирди Жолдубаева.

Ошондой эле, учурда Фарид Ниязов бул окуя боюнча ЖМКга билдирүү даярдап жатканын кошумчалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз