Түркиянын түндүгүндөгү селден каза болгондордун саны 57 адамга жетти. Жетимишке жакын адамдын дайыны жок болууда. Куткаруучулар бузулган үйлөрдү жана толугу менен талкаланган имараттардын урандыларынан адамдарды издөөнү улантууда.
Өлкөнүн түндүгүндө Кара деңиздин жээгине жакын жайгашкан провинциялардагы сел өткөн аптада нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин башталган. Кастамону провинциясындагы Бозкурт шаары эң көп жабыр тартты. Суу каптаган аймактардан миңдеген жарандар эвакуацияланды.