Пятница, 20 сентября

Италияда алгачкы  апатрид-террорчу пайда болот

0

Италиянын ички иштер министри Маттео Сальвинин колу коюлган Абдеррахим Мутахарикти италиялык жарандан ажыратуу тууралуу буйрук Республиканын президенти Сержио Матареллага берилди. Бул өткөн жылы кабыл алынган “Коопсуздук жана иммиграция тууралуу” жаңы италиялык мыйзамдын алкагындагы террорчулук ишмердүүлүгүнө байланыштуу жарандыктан ажыраткан биринчи учур.

“Ислам мамлекетинин бокчусу” катары таанылган, кесипкөй кикбоксчу  Абдеррахим Мутахарик 1988-жылы  Мароккодо төрөлгөн жана 2015-жылы апрелде Италия жарандыгын алган.  2017-жылы февралда Милан соту аны алты жылга абакка, анын жубайын – үч жылга кесип, мындан тышкары алардын эки баласынан ата-энелик укугунан ажыраткан.

Мутахарик жана анын жубайы 2016-жылы апрелде полицияга булардын 2 жана 4 жаштагы балдары менен ИШИМдин катарына кошулуу үчүн жөнөп жаткан планы белгилүү болгондо кармалышкан. Тергөөнүн маалыматына ылайык, Мутахарик телефондон сүйлөшүүлөрүндө “Римде Израилге сокку урууну каалай тургандыгын” (аны еврей мамлекетинин элчилигине кол салуу планы катары чечмелешкен), ошондой эле “Ватиканга кол салган алгачкы адам” болгусу келген.

Адам укугу боюнча декларацияга  жана БУУнун базалык конвенцияларына ылайык жарандык алуу  – ар бир адам үчүн негизги укук болуп саналат. Ал жарандыктан үстүрттөн ажыратууга тыюу салуу менен шайкеш келет. Италия жарандыктан ажыратуунун жеңилдетилген жобосун кабыл алып, жарандыктан коопсуздук үчүн саясый, этикалык жагдайдан же жарандыкты мыйзамсыз жол менен алганда ажыратыла тургандыгын эске салды. Эми ал тизмеге террорчулук кошулду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз