Пятница, 17 мая

Талибдердин алгачкы басма сөз жыйынында эмнелер айтылды?

0

Талибандын маалымат катчысы Забибулла Мүжахид, Ооганстандагы бардык тараптарды камтыган өкмөттү түзүүнү каалай турганын айтты.

Мүжахид борбор шаар Кабулда өткөргөн маалымат жыйынында жергиликтүү жана чет өлкөлүк журналисттердин, анын ичинде аялдардын суроолоруна жооп берди.

Талибандын өкүлү Ооганстандагы бардык тараптарды камтыган өкмөттү түзүүнү каалай тургандыктарын жана жакында «Ислам өкмөтү» түзүлө турган келишимге жетишээрин билдирди.

Эч кимден, анын ичинде мурдагы аскер кызматкерлеринен жана чет элдик күчтөр менен иштегендерден өч алууну пландаштырбагандарын жана «бардыгын кечирүүнү» белгилеген Мүжахид, оогандык аялдарга өз укуктарын «исламдык негизде» берүүгө убада кылды жана аялдарга карай дискриминациялоону кылбай тургандыгын айткан.

Забибулла Мүжахид бардык медиа уюмдар өз ишмердүүлүгүн улантуусун каалагандарын, Ооганстандан эч бир мамлекетке коркунуч болбой турганын жана бул өлкөдөгү элчиликтер толугу менен коопсуз экендигин белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз