Казакстандын коронавируска каршы QazVac вакцинасы Кыргызстанда каттоодон өттү. Бул тууралуу маалыматты Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой өзүнүн социалдык баракчасында көрсөткөн.
Документте препарат 18-августта каттоого алынганы көрсөтүлгөн. Каттоо мөөнөтү — 2022-жылдын 18-февралына чейин.
Эске салсак, июль айында Казакстан Кыргызстанга вакцинанын 25 миң дозасын берген. Саламаттык сактоо министринин айтымында, кыргыз тарап гуманитардык жардам сурап кайрылган.
«Казакстан гуманитардык жардам эле албастан, аны башка өлкөлөргө берип да келет. Биз бир тууган коңшу мамлекетке жардам бердик. Казакстанда чыгарылган вакциналар башка мамлекеттерде да колдонулуп жатканы чоң жетишкендик», — деди министр.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 800 миңден ашык адам коронавируска каршы эмделди.