Воскресенье, 19 мая

Коронавирус беш адамдын өмүрүн алды

0

Сутка ичинде коронавирус дагы 248 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 121, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 51, Ош облусунда – 6, Талас облусунда – 6, Нарын облусунда – 9, Ысык-Көл облусунда – 25, Жалал-Абад облусунда – 13, Баткен облусу — 16 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 492 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча беш бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 451 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 467 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 173 миң 676 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 165 миң 860 киши айыгып чыкса, 2 миң 478 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз