Пятница, 17 мая

Коронавирус илдетинен төрт бейтап каза болду

0

Кыргызстанда суткада коронавирус дагы 142 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 59, Чүй облусунда – 28, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 33, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда — 10 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 102 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча төрт бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 954 бейтап, амбулатордук түрдө 910 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 176 миң 18 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 170 миң 169 киши айыгып чыкса, 2 миң 536 адам каза болду.

Өлкө боюнча акыркы суткада коронавируска каршы 14 миң 984 адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 4444 адам вакцинанын биринчи дозасын, 10 миң 540 жаран экинчи дозасын алды.

Кыргызстанда жалпы 685 миң 718 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 455 миң 912 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз