Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Орусия аннексиялаган Крымда ишембиде атайын операция уюштуруп татар активисттерди кармады. Украинанын Омбудсмени Людмила Денисованын айтымында, Федералдык коопсуздук кызматы крым-татарларынын Межилисинин төрага орун басары Нариман Желялды кошуп беш татар активисттин үйлөрүн тинтишти. Буга нааразылыгын билдирген 50дөн ашуун киши Симферополдо ФСБнин имаратынын алдына чыгышты. Натыйжада ФСБ аларды да кармап кетти.
Омбудсмен Людмила Денисова эл аралык коомчулукту түпкүлүктүү элге карата жасалып жаткан репрессияны токтоттурууга бар аракетти жасоого чакырды. Орусия бийлиги камоолор тууралуу азырынча комментарий бере элек. Украина президенти Владимир Зеленский «Твиттер» аркылуу кармалгандарды кое берүүнү талап кылды.
Орусия Украинанын Крым жарым аралын эл аралык мыйзамдарды бузуп 2014-жылы ээлеп алган. Ошондон бери аймактагы татар активисттерди куугунтуктоону улантууда.