Ооганстандын мурунку өлкө башчысы ооган элинен кечирим сурады

0

Ооганстандын экс-президенти Ашраф Гани ооган элинен өлкөдөн чыгып кеткени жана ошол учурдагы кырдаалды өзгөртө албаганы үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу ал өзүнүн Твиттер баракчасына жазган.

«Кабулдан кетүү мен үчүн эң оор чечим болду. Бардыгы трагедия менен аяктаганы үчүн ооган элинен кечирим сурайм, баарын башкача бүтүрө албадым. Мен болгону өлкөдө 1990-жылдагы болгон жарандык согуштагыдай кан төгүү орун алышын каалаган жокмун», — деп билдирүү калтырган ал.

Ашраф Гани ошондой эле чоң суммадагы акчаны өлкөдөн алып чыккандыгы тууралуу маалыматты төгүндөгөн.

«Коррупция — бул ондогон жылдар бою биздин өлкөнү кыйраткан чума. Ал эми аны менен күрөшүү президент катары менин көзөмөлүмдө болду», — деген ал.

Ал мындан тышкары ооган аскерлерине жана алардын үй-бүлөсүнө акыркы 40 жылдык согушта өлкө үчүн өз өмүрлөрүн курмандыкка чалгандыктары үчүн ыраазычылык билдирген.

Эске салсак, Ооганстанды 2014-жылдан бери жетектеп келген Ашраф Гани 15-август күнү «Талибандар» Кабулга киргенде отставкага кеткенин жарыялап, өлкөдөн чыгып кеткен.

Маалымат үчүн: «Талибан» кыймылы Кыргыз өлкөсүнүн аймагында террордук жана экстремисттик уюм катары таанылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз