Пятница, 17 мая

Коронавирус илдети 86 адамдан аныкталып, 3 бейтап каза болду

0

Коронавирус илдети 86 адамдан аныкталып, 3 бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 54, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 13, Талас облусунда – 1, Нарын облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 14, Жалал-Абад облусунда – 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 96 адам илдеттен сакайып чыккан.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен өлкө боюнча 3 бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 586 бейтап, амбулатордук түрдө 900 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 177 миң 653 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 172 миң 111 киши айыгып чыкса, 2 миң 586 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз