Суббота, 27 апреля

Төкмө акындар Ош шаарында айтышат

0

23-сентябрь күнү Ош шаарында «Ак таңдай-2021» аталышындагы төкмө акындардын айтышы өтөт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-сентябрда саат 17:00дө «Санжыра» эс алуу жайында тандоо туру, ал эми 23-сентябрь күнү саат 17:00дө С.Ибраимов атындагы улуттук драма театрында «Ак таңдай-2021» республикалык төкмө акындардын айтышы башталат.

Айтыш «Алтын комуз» байгесине арналган.

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына, мамлекеттик тил күнү жана Ош шаарынын майрамын утурлай уюштурулган бул иш-чара «Ак таңдай» коомдук фонду, Ош шаарынын мэриясы жана «ЭлТР» мамлекеттик телерадиокомпаниясы тарабынан өткөрүлмөкчү.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз