Суткада 12 миң 600 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 609 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 991 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 784 миң 948 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 583 миң 834 жаран экинчи компоненти менен эмделди.