Суббота, 18 мая

Израил 11  палестиналыкты кармады

0

Кармалгандар террордук ишмердүүлүккө катышкандыгы үчүн айыпталууда.

Израилдин аскерлери Йордан дарыясынын Батыш жээгиндеги оккупацияланган ар кайсы райондордон 11 палестиналыктарды кармады.

Израил армиясынын билдирүүсүндө, палестиналыктар өткөн түнү израилдик коопсуздук күчтөрү тарабынан жүргүзүлгөн рейд учурунда кармалышты.

Кармалгандар террордук ишмердүүлүк үчүн айыпталууда жана суракка алынмакчы.

Израилдин коопсуздук күчтөрү окупацияланган Чыгыш Иерусалимде жана Йордан дарыясынын Батыш жээгинде палестиналыктарды кармаган рейддерди өткөрүшөт. Расмий маалыматтарга ылайык, Израил түрмөлөрүндө 5700 палестиналыктар, анын ичинде 230 балдар бар. Израил аскерлери чалгын кызматынын маалыматына таянып, палестиналыктарды бир айдан алты айга чейин административдик камакка алат. Эгер кармалган адам “Израилдин коопсуздугу үчүн коркунуч жаратса”, анда аскердик сот айып такпай туруп эле камак мөөнөтүн беш жылга чейин узартып коёт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз