Пятница, 17 мая

Тажиктер менен талиптер тиреше баштады

0

Талиптер тажик бийлигин Афганистандын ички иштерине кийлигишүүдө деп күнөөлөдү. Талиптердин өкмөт башчысынын орун басарынын милдетин аткарып жаткан Абдул Гани Барадар Тажикстандын бийлиги Афганистандын ички иштерине кийлигишип жатканын билдирди. Барадар ар бир аракетке — каршы аракет болорун айтты. Эми талиптер Тажикстанга кандай жооп берээри кызыгуу туудурууда.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Афганистанда инклюзивдүү (көп тараптуу) өкмөт түзүлүшү керек экенин, ага өлкөдөгү аз улуттардын өкүлдөрү, анын ичинде тажиктер кириши керек экенин талап кылган. Расмий Душанбе талиптердин бийлигин таныбай турганын кыйытып келүүдө.

Талиптер 31-августка караган түнү АКШнын аскерлери Кабулдагы аэропорттон чыгып кетишкен соң Афганистанды ээлеп, убактылуу өкмөт түзүлгөнүн жарыялашкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз