«Афганистандагы согуштун ардагерлеринин жана башка аскердик локалдуу кагылышуулардын катышуучуларынын» саясий партиясы БШКга 28-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартканы жана ыйгарым укуктуу өкүлдөрдү чакыртып алуу жөнүндө билдиришти.
Партия шайлоого катышуу үчүн күрөө коюудан биринчи баш тартты. Эскерте кетсек, бул 1 миллион сомду түзөт.
Партиялар депутаттыкка талапкерлердин тизмесин БШКга 13-октябрга чейин тапшырышы керек.
Эске сала кетсек, каттоо үчүн акыркы тизмеге 72 саясий партия калган.