Пятница, 20 сентября

Премьер-министр Ак-Сай айылына барат

0

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 1-апрелде, Баткен облусуна жумуш сапары менен барат. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы чектеш айылдардын ички жолдорунун абалын текшерип чыгат, ошондой эле Баткен районунун Ак-Сай айылындагы орто мектепке бармакчы.

Мындан тышкары Премьер-министр бул айылдын жашоочулары менен жолугушуу өткөрөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз