Воскресенье, 19 мая

Тазабек Икрамов шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышат

0

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов шайлоого Жалал-Абад облусунун Сузак районунан ат салышат. Бул тууралуу БШК маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, депутат шайлоого катышуу үчүн арыз берди.

Тазакбек Икрамов парламентке «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси менен келип, эки жылдан кийин фракциядан чыгарылган.

Шайлоо 28-ноябрда өтөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз