Воскресенье, 19 мая

Талибдер селфи жана ак кроссовкиге тыюу салды

0

Афганистандын коргоо министри Мавлави Якуб согушкерлерине селфи кылып сүрөткө түшүүгө(өзгөчө бактылуу болуп),  узун чач коюуга жана ак кроссовки кийүүгө тыюу салды. Дегеле стилдүү кийимдерди кийүүгө болбойт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка карганда, мындай чектөөлөрдү киргизүү акыркы убакта талиб согушкерлеринин куралдары менен аянтта, коомдук жайларда, оюн-зоок аттракциондордо селфи кылып сүрөткө түшүп социалдык тармактарга чыгаруусу себеп болгон.

Коргоо министри селфи кан төгүүлөр менен жеткен жеңишке, «Талибан» кыймылынын жана жогорку кызматтагы адамдардын коопсуздугуна шек келтирип жатканын айткан.

«Ал эми ак кроссовки батыштын зыяндуу модасы. Эгер биз батышты туурай турган болсок, анда Ислам системасын жоготуп алабыз»-деген Мавлави Якуб.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз