Воскресенье, 5 мая

Бишкекте айдоочу эне-баланы коляскасы менен маршруткага салбай койду (видео)

0

Бүгүн, 30-сентябрь күнү Бишкек шаарында №203 маршруттук таксинин айдоочусу эне-баланы коляскасы менен маршруткага салбай, күч колдонуп чыгарып салды. Бул туурасында окуяга күбө болгон жаран билдирип, видеосу менен бөлүштү.

Видеодо көрүнүп тургандай, айдоочу кичинекей кызы менен колунда коляскасы бар келинди маршруттук таксиге түшүрбөй, түртүп жатканын көрүүгө болот. Күбөнүн айтымында, коляска үчүн да акча төлөйм десе болбой келинди ыйлаган кызы менен кошо түртүп чыгарып салган.

Окуяга күбө болгон жаран айдоочунун жазаланышын суранды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз