Дүйнө жүзүндөгү эң улгайган жашоочу Натабай Тинсиеу 127 жашында Эритреядагы алыскы Азефа айылында көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, анын небереси Зере Натабай чындыгында чоң атасы 127 эмес, 137 жашта болгонун айтып келет. Бирок он жыл бою туулган фактыны каттай алган эмес. Ошентсе да, Натабай Тинсиу 1894-жылы туулган деп жазылган.
Маркумду небереси Гиннес өкүлдөрү менен байланышып, атасынын өмүрүнүн узактыгы тууралуу маалыматты рекорддор китебине жаздырганын белгилеген.
Азыркы учурда дүйнөдө эң көп жашаган япониялык Жироемон Кимура. Ал 116 жашында 2013-жылы каза болгон жана анын ушунча жыл жашагандышгы такталган.