Пятница, 17 мая

Англияда күйүүчү май кризиси уланууда

0

Англияда май куюучу жайларда күйүүчү май кризиси жана автоунаалардын кезеги уланууда.

Борбор шаар Лондондо айдоочулар кээ бир май куюучу жайларда кезекке турушса, кээ бирлеринин күйүүчү майы түгөнгөнү белгиленди.

Ошол эле себептен улам, базарларда жаңы жашылча -жемиштер, суу, кургак тамак -аш жана эт сатылуучу жайлар бош бойдон калганы көрүндү.

Өлкөдө Мунай сатуучулар ассоциациясы жасаган билдирүүдө отун көйгөйү өткөн аптада май куюучу жайларда дүрбөлөңдүн азайышы менен жеңилдей баштаганы, бирок ал кээ бир аймактарда уланышы мүмкүн экени кабарланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз