Пятница, 17 мая

Полиция кызматкерлери Саакашвилини кармоо учурунда аны менен селфи кылган

0

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилини кармоого катышкан полиция кызматкерлери аны менен селфи кылышкан. Бул тууралуу Грузиянын «Бириккен улуттук кыймылы» оппозициялык партиясынын мүчөсү Екатерина Херхеулидзеге таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Екатерина Херхеулидзеге жекшемби күнү абактагы Саакашвилиге жолугуп чыккан.

«Саакашвили кармоо учурунда полиция кызматкерлери ага орой мамиле кылбаганын айтты. Полиция кызматкерлери өздөрүн абдан жакшы алып жүрүшкөн. Саакашвили администрацияга оң көз карашта. Ал аны кармоого келгендердин баары, ар бир полиция кызматкери аны менен селфи кылганын айтты», — деген Херхеулидзе.

Михаил Саакашвили 1-октябрда кармалган. Өз кезегинде Грузиянын учурдагы президенти Саломе Зурабишвили Саакашвилиге ырайым берилбей тургандыгын айткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз