Кыргызстанда казакстандык «QazVac» вакцинасы менен эмдөө башталды. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.
Ал эмдөө октябрдан башталганын айтып, «каалоочулар республиканын бардык эмдөө пункттарынан Казакстандын вакцинасын ала алат», деп билдирди.
28-июлда республикага казакстандык «QazVac» вакцинасынын 25 миң дозасы келген.