Суббота, 18 мая

Ташиев депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды

0

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Тай-Мурас Ташиев депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Бул маалыматты депутат өзү да аймактык кабарчыга ырастады. Бирок себебин айтуудан баш тартты.

Анын айтымында, шаардык аймактык шайлоо комиссиясына кечээ, 4-октябрда арыз берген.

«Ооба мандатымды тапшыруу боюнча арыз жазгам. Себебин айтпай эле коеюн», — деди ал.

Депутат Жогорку Кеңешке баруу планы жок экенин кошумчалады.

*Тай-Мурас Ташиев Жалал-Абад шаардык кеңешке «Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясынан шайланып барган. Ага депутаттык мандат 7-май күнү тапшырылган.

Ал 1994 -жылы 25-январда туулган. «Томас и Ко» ЖЧКсынын башкы директорунун орун басары. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз