Суббота, 18 мая

Венгрия Кыргызстандын жарандарына Шенген визасын бере баштайт

0

Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги октябрь айынан тарта Кыргызстандын жарандарына Венгрияга жана Европа Биримдигине мүчө башка бир катар өлкөлөргө Шенген визасын бере баштайт. Мындай макулдашуу Будапештте өткөн кыргыз-венгер стратегиялык кеңешинин жыйынында жетишилди.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кыргыз тараптан делегацияны тышкы иштер министри Руслан Казакбаев, Венгрия тараптан — тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто жетектеди.

Жолугушууда тараптар Ооганстандагы кырдаалды да талкуулашты.

Венгриянын элчилиги Бишкекте 2020-жылдын февраль айында ачылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз