Понедельник, 13 мая

Айсулуу Тыныбекова экинчи жолу дүйнө чемпиону болду

0

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду.

Ал финалда америкалык спортчу Кайла Коллин Кийоко Миракл менен күрөшкөн.

Биринчи бөлүктө атаандашы пассивдүү болгону үчүн бир упай алган. Экинчи бөлүктө кыргызстандык балбан кыз дагы жанданып улам-улам ыкма жасап жатты. Натыйжада 7:0 эсеби менен жеңип, атаандашына бир да мүмкүнчүлүк берген жок.

Айсулуу турнирдин 1/8 финалынан тарта күрөшүп, алгачкы беттешинде япониялык Ноноко Озакини 6:4 эсебинде, кийин беларустук Вераника Иванованын далысын жерге тийгизип уткан. Ал эми украиналык Илона Прокопевнюкту 5:2 упай айырмасында жеңип, финалга чыккан.

28 жаштагы Айсулуу Тыныбекова ушуну менен дүйнө чемпионатына 3-жолу катышты. Буга чейин кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатынын алтын (Нур-Султан, 2019-ж.) жана коло медалдарын (Париж, 2017-ж.) тагынган. Токиодо өткөн Олимп оюндарында күмүш медал тагынган. Азиянын төрт жолку чемпиону. Ал Спорттун жалпы Олимпиадалык 29 түрлөрүнөн Дүйнө чемпионатынын финалына эки жолу чыгып, эки жолу тең дүйнө чемпиону болгон кыргызстандык алгачкы спортчу.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз