Пятница, 22 ноября

Түркмөнстанда калк президенттин жаңы китебин сатып алууга милдеттендирилди

0

Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун “Эгемендик – биздин бактыбыз” аттуу китебин сатып алууга Түркмөнстандагы ишканалардын, мамлекеттик мекемелердин, уюмдардын кызматкерлери жана студенттер милдеттендирилди. Бийлик мамлекеттин эгемендигинин 30 жылдыгына карата жакында жарык көргөн президенттин китебин студенттер жана бюджеттик кызматкерлерге сатып таратууда.

Мындан башка бийлик президенттин чыгармачылыгын даңазалоо үчүн калк арасында аны жайылтуу чараларын ишке ашыра баштады. Маданият кызматкерлерине мамлекет башчысынын «жаратмандыгын» даңазалаган музыкалык чыгармаларды жазууга тапшырма берилди. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык убада кылынып, ал мамлекеттин эгемендигинин кийинки жылдыгында тапшырыла турганы жарыяланды.

Бул арада студенттер арасында президенттин жаңы китебин жатка окуу боюнча сынак жарыяланып, жеңүүчүлөргө 100 манат же болбосо 28,5 доллар өлчөмүндө акчалай сыйлык убада кылынды.

Мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлагандай, президент Гурбангулы Бердымухамедовдун жаңы китеби түркмөнчө, англисче жана орусча басылып чыкты.

Бул китепте өлкөнүн эгемендик жылдарындагы жетишкендиктери баяндалган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз