Четверг, 25 апреля

Депутат: Рахматтын ордуна «алкыш» деп койбойлубу? (видео)

0

«Рахмат» деген арабдын сөзү экен, кыргызча «алкыш» болот. Бул пикирди Жогорку Кеңештин 6-октябрдагы жыйынында депутат Бейшенаалы Нурдинов билдирди.

Бейшенаалы Нурдиновдун айтымында, ал Жогорку Кеңештин төрагасы баштаган кесиптештери менен Орусиянын тоолуу Алтай аймагына барышкан. Ал жакта кыргыздар жашагандыктан аларга «рахмат» деп кайрылышкан. Бирок алар депутаттардын сөздөрүнө оңдоо киргизип, «рахмат» деген арабдардын сөзү, кыргыздар «алкыш» деп айтышы керектигин билдиришкен. Ал кесиптештерине рахматтын ордуна «алкыш» деген сөздү колдонууну сунуш кылды.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз