Четверг, 25 апреля

АКШ полициясы кыргызстандык айдоочуну атып салды (видео)

0

5-октябрда АКШнин Пенсильвания штатынын полициясы жүк ташуучу унаанын айдоочусун атып салышкан. Берилген маалымат боюнча, ал трактын прицепи менен полиция унааларын тебелеп кеткен.

Полиция берген отчетко ылайык, 04:30да Джерси-Шордон чыга бериш жердеги унаа токтотуучу жерде талап-тоноо болду деген билдирүү менен полициянын наряды чакыртылган.

Аскер кызмткерлери машинени курчап, шектелүүчүнү багынууга үндөшкөн. Бирок, анын ордуна айдоочу өзүнүн жүк ташуучу машинеси менен аскер кызматкерлерин көздөй айдап полициянын машинелерин тепсеген. Полиция ок чыгарып, айдоочу алган жаракаттарынан каза болгон. Бир нече офицерлер жеңил жаракат алышкан.

Азырынча полиция кызматкерлери айдоочунун өздүгүн аныктай элек. Ал 27 жашта, Бакс округунун Лангхрон деген жеринен экени белгилүү. Полициянын айтымында анда курал жарак бар болчу.

Социалдык тармактардын кыргыз сегментинде, полиция атып өлтүргөн жаран кыргызстандык болушу мүмкүн деген маалымат айтылып жатат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз