Бүгүн, 11-октябрда Кыргызстанга AstraZeneca вакцинасынын 55 миң 200 дозасы келди. Бул тууралуу Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, вакцина Европа Биримдигинин жарандык колдоо механизминин алкагында Польша мамлекети тарабынан берилди.
Кыргызстандын Республикалык иммунопрофилактика борбору октябрь айында 420 миң дозадай вакцина келе турганын билдирген. Маалыматка караганда, ушул айда AstraZenecaдан сырткары Pfizer, Sinopharm вакциналары келиши керек.
Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө өнөктүгү март айынын аягында башталган. Азыр Кытайдын Sinopharm, Орусиянын «Спутник V», COVAX программасы менен келген Европанын AstraZeneca вакцинасы менен эмдөө жүрүп жатат. Учурда эмделгендердин саны 1,5 миллиондон ашты. Алардын 874 миңден ашууну вакцинанын биринчи дозасын алган.