Суббота, 20 апреля

Бишкекте 5-түрк тасмалары жумалыгы өтөт

0

Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм Министрлигинин алдындагы киноматография департаментинин салымы жана Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин колдоосу менен “Йерли Дүшүнже” ассоциациясы тарабынан уюштурулуп жаткан 5- түрк фильмдери жумалыгы Бишкекте 2021-жылдын 16-20-октябрында өткөрүлөт. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

16-октябрда баштала турган 5-Түрк тасмалары жумалыгы Манас кинотеатрында режиссер Мехмет Ада Өзтекин тарабынан тасмага түшүрүлгөн “7- Камерадагы мужиза” тасмасын көрсөтүү менен башталат.
2021-жылдын 16-20-октябрь күндөрү уюштурулуп жаткан “Түрк Фильмдери Жумалыгы – Бишкек” жумалыгынын алкагында “7-Камерадагы мужиза”, “Баскетбол шакекчеси”, “Маузер”, “Сүйүүнүн өмүрү” жана анимациялык “Мадыра баштар: Киндик-Төбө” фильмдери кино сүйүүчүлөргө акысыз көрсөтүлөт. Өзгөчө бул жумалыктын алкагында кино көрсөтүүлөрдөн кийин искусство адамдары менен көрүүчүлөрдүн ортосунда жолугушуу мүмкүнчүлүгү жаратылат.

Кыргыз-түрк Манас университетинин студенттери менен түрк киносу боюнча баарлашуу өткөрүлөт. Саамалыктын алкагында Түркиядан келген режиссерлер, актерлер жана продюсерлер менен Кыргызстандык кино актерлорунун арасында жолугушуулар менен катар орток эмгектер жаратуу боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жана баарлашуулар ишке ашырылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз