Воскресенье, 19 мая

Бишкекте эртеңден баштап жаңы автобустар каттай баштайт

0

Баш калаада 18-октябрдан тартып жаңы алып келинген 30 автобус №34, №21 жана №46 каттамдарга чыгат. Ар бир каттамга ондон автоунаа бөлүнгөн. Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы билдирет.

Алардын ичинен №34 каттам Жеңиш жаңы конушунун тургундарынын өтүнүчү менен жаңыдан түзүлдү. Каттамдарды жаңы муниципалдык автобустар келгенче «Эко жүргүнчү ташуу» компаниясынын автобустары ишке ашырат.

«Эко жүргүнчүлөрдү ташуу» жоопкерчилиги чектелген ишканасынын карамагында 210 автобус бар. Мэрия анын ичинен 90у гана эл ташууга чыгып жатканын, буга жүргүнчүлөрдү коопсуз жана ыңгайлуу ташый турган квалификациялуу айдоочулардын жоктугу себеп болуп жатканы айтылды.

Мэрия аталган компанияга муниципалдык каттамдарды аутсорсингге берген. Кыргыз өкмөтү Өзбекстандын «Самарканд-авто» заводу менен «Исузу» маркасындагы 350 автобусту алуу боюнча келишимге кол койгону кабарланган. Автобустардын экинчи партиясы октябрга чейин келери айтылган эле.

Борбор калаада муниципалдык троллейбустар менен автобустардан тышкары жүргүнчүлөрдү 41 жеке компаниянын кичи автобустары (маршруткалар) тейлейт. Бир күндө мындай автобустардын миңге жакыны каттамга чыгат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз