Уурулук, бейбаштык, каракчылык көбүнчө Бишкек шаарында жасалат. Бул тууралуу 19-октябрда брифингде ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Нурлан Исмаилов билдирди.
«Бишкек коомдук жайларда жасалган кылмыштар боюнча лидер болуп саналат. Анткени шаар жыш жайгашкан, көптөгөн конуштар бар жана ички миграция көп. Андан кийинки кезекте Баткен облусу турат. Бул апрель-май айларынын аягында болгон окуяларга байланыштуу. Үчүнчү орунда Ысык-Көл облусу турат. Анткени бул жылы туристтердин агымы көп болгон. Уурулук, бейбаштык, каракчылык негизинен коомдук жайларда жасалат» — деди Нурлан Исмаилов.