Балбан кыз Айпери Медет кызы 23 жашка чейинки спортчулар арасында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышат.
Турнир 1-7-ноябрда Белградда (Сербия) өтөт.
Дүйнө чемпиондугуна Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын эсебинен Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын курамында эки спортчу жана башкы машыктыруучу Нурбек Изабеков барат. Ошондой эле, курамга башка каражаттардын эсебине бара турган спортчулар кириши мүмкүн.
Медет кызы үчүн бул турнир 3 айдын ичинде үчүнчү чоң мелдеш болот. Ал августта Токио Олимпиадасында 5-орунду, ал эми октябрь айында чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болгон.
Кыргызстандын аялдар курама командасынын курамы (Олимпиадалык оюндар боюнча дирекциянын эсебинен):
57 кг чейин — Назира Марсбек кызы
76 кг чейин — Айпери Медет кызы
Башкы машыктыруучу — Нурбек Изабеков