Вторник, 7 мая

БШК бир мандаттуу округдан 100дөн ашык талапкерди каттады

0

Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу округдан 100дөн ашык талапкерди каттады. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Боршайкомдун 20-октябрдагы маалыматына караганда, 36 бир мандаттуу округдан 335 адам документтерин толук тапшырган. 14 адам талапкерликтен баш тарткан.

Катталган талапкерлердин ичинде Айбек Осмонов, Тазабек Икрамов, Искендер Матраимов, Нурбек Алимбеков, Элмурза Сатыбалдиев сыяктуу Жогорку Кеңештин азыркы жана мурдагы депутаттары бар.

Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниети менен БШКга 381 адам кайрылган. 341и 150 миң сомдук шайлоо күрөөсүн төккөн.

Эскерте кетсек,  Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 28-ноябрга белгиленген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз