Суббота, 20 апреля

COVID-19: Кыргызстанда акыркы суткада 10 миң 980 адам эмделди

0

Кыргызстанда акыркы бир суткада COVID-19 коронавирустук инфекциясына каршы 10 миң 980 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 6 миң 432 адам вакцинанын биринчи дозасын, 4 миң 548 жаран экинчи дозасын алды.

Өлкө боюнча жалпы 939 миң 433 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 713 миң 313 жаран экинчи компоненти менен эмделди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз