Суббота, 20 апреля

Жапаров: Жээнбеков экс-президент макамынан ажыратылбайт

0

Президенттерди куугунтукка алуу салтын токтотуу керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров мамлекеттик резиденцияда өтүп жаткан басма сөз жыйынында мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун экс-президент статусу тууралуу берилген суроого жооп берип жатып билдирди.

«Мен президенттерди куугунтуктоо, алардын экс статусунан ажыратуу боюнча маселе көтөрбөйм. Мындай иштерди токтотууну туура көрдүм», — деди президент Жапаров.

2020-жылдын 5-октябрында, Жогорку Кеңешке шайлоонун дал эртеси, өлкөдө толкундоолор башталган. Буга бир катар партиялардын добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразылыгы себеп болгон. Мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын өткөрүп берген соң Жээнбеков экс-президент макамын алган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз