COVID-19. Бир суткада 66 кишиден вирус аныкталып, 2 бейтап каза болду

0

Кыргызстанда 25-октябрга карата коронавирус дагы 66 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 41, Чүй облусунда — 3, Ош облусунда — 2, Талас облусуна — 1, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 15, Жалал-Абад облусунда — 1, Баткен облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 36 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 21, Чүй облусунда — 10, Ысык-Көл облусунда — 1, Жалал-Абад облусунда — 4 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында 2 бейтап каза болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 1 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 6 миң 874 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 6 миң 769 медкызматкер айыгып чыкты.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 712 бейтап, амбулатордук түрдө 655 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 180 миң 629 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 175 миң 97 киши айыгып чыкса, 2 миң 655 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз