Понедельник, 20 мая

Пандемия качан бүтөт?

0

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун (ДССУ) башкы директору доктор Тедрос Аданом Гебреисус дүйнөлүк масштабдагы эмдөөдөгү теңсиздикке көңүл буруп, коронавирус (Ковид-19) пандемиясынын азырынча бүтпөй турганын айтты.

Германияда  башталган Дүйнөлүк саламаттык сактоо саммитинин ачылышында сөз сүйлөгөн Гебреисус: «Пандемия качан бүтөт? деген суроого жооп берди.

Тедрос: «Менин жообум: «Пандемия дүйнө аны токтотууну чечкенде бүтөт». Бул биздин колубузда. Бизде бардык керектүү шаймандар, коомдук саламаттыкты сактоонун таасирдүү каражаттары жана натыйжалуу медициналык куралдар бар. Бирок дүйнө бул куралдарды колдонгон жок, жумасына дээрлик 50 миң доза менен пандемиянын бүтүшү мүмкүн эмес. Белгилүү болгондой, биз ушул жылдын аягына чейин ар бир өлкөнүн калкынын 40 пайызын эмдөөдөн өткөрүүнү максат кылганбыз»,-деди.

Чоң жыйырманын жана эмдөө 40 пайызга жеткен өлкөлөрдүн Ковид-19 вакцинасы кезегинде вакцинага муктаж болгон башка өлкөлөргө ордун бериши керектигин белгилеген Тедрос, пандемияны ушундай жол менен жеңүүгө болоорун айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз